Улукбек Марипов өкмөт башчы болушу мүмкүн. Өмүр баяны

Улукбек Марипов өкмөт башчы болушу мүмкүн. Өмүр баяны

Жаӊы аптанын башында Жогорку Кеӊеште жаӊы өкмөттүн курамын түзүү маселеси каралып баштайт. Өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги жалгыз карала турганы маалым болгонун «Чагылган.кж» жазды.

Марипов 2016-жылдан бери Эсептөө палатасынын жетектеп келатат. Жогорку Кеӊештеги көпчүлүк коалиция азыркы курамы менен эле жаӊы өкмөттү шайлай турганы күтүүлүүдө. Ал эми азыркы өкмөттө иштеп жаткан министр, жетекчилердин жарымынан көбү кызматтан кете турганы айтылууда.

Марипов буга чейин бир топ жооптуу кызматтарда иштеген.

Эске сала кетсек, Мариповдун бир тууган иниси Бактыбек Марипов өткөн жылы ноябрда Ноокат районуна аким болуп дайындалган. Атасы да райондук оорукананы көп жылдан бери жетектеп келет.

Төмөндө Мариповдун толук өмүр баяны:

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Оштогу техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу: 1997-2001 — «Кызыл Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

2001-2002 — КР Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.

2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.

2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.

2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты.

2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперти.

2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.

2010-жыл — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин жардамчысы.

2015-жылы Улукбек Марипов КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

2016-жылдан бери Эсептөөө палатасынын төрагасы.

Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>