Улукбек Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Улукбек Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу Алматыда өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын алкагында болду. Анда соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелер талкууланды.

«Кыргыз Республикасы өз-ара ишенимге негизделген чыныгы бир туугандык мамилелер менен сыймыктанат. Биз Өзбекстан Республикасы менен мындан ары карай дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз», — деди Улукбек Марипов.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов өз кесиптешин кызматка дайындалуусу менен куттуктап, кыргыз-өзбек мамилелери жогорку ишеним деңгээлинде экендигин белгиледи.

«Өзбекстан Республикасынын Президенти башында турган өзбек тарап кыргыз элин ар кандай башталышта колдоого алаарын жана эки элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген бардык долбоорлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ишенимдүү түрдө билдире алам», — деди ал.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин юридикалык жактан тариздөөнү жыйынтыктоо боюнча ишти активдештирүү жана күчтөндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Өзбек тарап ошондой эле Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди тийиштүү көлөмдө ташууну уюштурууга даярдыгы тууралуу билдирди.

Жолугушуу соңунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Президентине Өзбекстан Республикасына сапар менен келүү чакырыгын берди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>