Site icon Reporter.kg

Улукбек Марипов добуш берүүгө жубайы менен келди — сүрөт

Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы № 40 жалпы билим берүүчү мектептин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добушун берген.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Чоң-Арык конушундагы шайлоо тилкесинде добуш берди.

Exit mobile version