Site icon Reporter.kg

Улукбек Марипов ботаникалык бакты тазалашты

Э. Гареев атындагы ботаникалык бакты Министрлер кабинети баштаган президенттин аппараты жана жергиликтүү бийлик түп көтөрүлө келип таштандыдан арылтты. Бул туурасында министрлер кабинетинин коомдук байланыш бөлүмү билдирди.

«Бүгүн эң сонун күн болууда. Министрлер Кабинети парктарды жана башка коомдук жайларды таштандылардан тазалоого багытталган акцияны колдоого алды жана экологиялык акция бүтүндөй өлкө боюнча өтүүдө. Ар бир жаран жаратылышты таза кармап, айлана-чөйрөгө камкор жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу тийиш. Өсүп келе жаткан муунду жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүүбүз зарыл. Канчалык жаратылышка аяр мамиле кылсак, ал бизге ошончолук мээримин төгөт», – деди Улукбек Марипов.

Марипов Ботаникалык бактын инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын айтып, ал үчүн мамлекеттик уюмдардан тышкары донорлорду жардамга чакырыш керектигин белгиледи.

Exit mobile version