Улукбек Марипов чоң кызматтагы жетекчилерге сөгүш жарыялады

Улукбек Марипов чоң кызматтагы жетекчилерге сөгүш жарыялады

Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Урматбек Кокочаровго сөгүш жарыялады. Сөгүштү «Бишкек башкы архитектурада» өткөн жыйында Премьер-министр Улукбек Марипов жарыялаган.

«Курулуш жаатындагы маселелерди чечүү үчүн эч ким жолтоо болгон эмес. Көрүлгөн чараны бир аз жумшарттым. Бул жерде — иштен кетирүү деп жазылган», — деген Марипов.

Ошондой эле Улукбек Марипов Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго жана вице-мэр Азамат Сагындык уулуна сөгүш жарыялоону сунуштаган.

Мындан сырткары, «Бишкексууканалдын» башчысы Мурадин Сейдалиевге карата катуу чара көрүп, керек болсо кызматтан кетирүүнү сунуштаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>