Site icon Reporter.kg

Улукбек Марипов инисин Ноокаттын акимдигинен алды

Премьер-министр Улукбек Марипов иниси Бакытбек Мариповду Ноокаттын акимдигинен алды. Бул туралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улукбек Марипов  Премьер-министр катары алгачкы буйругу менен иниси Марипов Бакытбек Асамидиновичти Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошоткон.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынган.

Exit mobile version