Улукбек Марипов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту

Улукбек Марипов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту

Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана суу-энергетикалык тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын маселелерин талкуулады.

Анын жыйынтыгы менен тараптар 2021-жылы Казакстанда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Казак премьер-министри Аскар Мамин өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана ишине ийгиликтерди каалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>