Бүгүн, 29-апрелде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. Жыйындын соңунда өкмөт башчы Улукбек Марипов жана Тажикстандын пемьер-министри Кохир Расулзоданын мурда пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу өтөрү пландаштырылууда.
Өкмөттөн кабарлашкандай, эки өлкөнүн премьер-министрлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашат.