Улукбек Мариповдун өмүр баяны

Улукбек Мариповдун өмүр баяны

Өкмөт башчылык кызматка сунушталып жаткан талапкер Улукбек Мариповдун өмүр баяны:

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Оштогу техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу: 1997-2001 — «Кызыл Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

— 2001-2002 — КР Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.

— 2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.

— 2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.

— 2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты.

— 2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперти.

— 2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.

— 2010-жыл — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.

— 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин жардамчысы.

— 2015-жылы Улукбек Марипов КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

— 2016-жылдан бери Эсептөөө палатасынын төрагасы.

Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.

Бүгүн, 1-февралда парламентте көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>