Site icon Reporter.kg

Улукбек Мариповго жаңы кызмат сунушталууда

Улукбек Марипов

Экс-премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Арабиядагы элчилик кызматка талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети аны дайындоо маселесин карай турганы күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, аталган комитет  бүгүн Кыргызстандын Украинадагы жаңы элчисинин талапкерлигин да кароо күн тартибине киргизилген. Бул кызматка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Идрис Кадыркулов сунушталган.

Exit mobile version