Улукбек Султанов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Султанов Улукбек Ташболотович Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Президенттин администрациясы прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуш киргизгени маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз