Site icon Reporter.kg

«Улутман» партиясынын лидери президенттик жарыштан талапкерлигин алып салды

Сазыкбай Турдумалиев бүгүн, 1-декабрда президенттикке талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилген документтерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды. 

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Сазыкбай Турдумалиев «Республикалык Улутман» саясий партиясынан талапкер болгон.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Exit mobile version