Site icon Reporter.kg

“Улуттар Биримдиги” менен “Мекен сакчысы”  бирикти

«Улуттар биримдиги» партиясы менен «Мекен сакчысы» коомдук бирикмеси парламенттик шайлоого бирге баруу максатында биргелешкен келишимге кол койду. Бул туурасында “Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери Мелисбек Мырзакматов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал чек ара коопсуздугуна тиешелүү маселелерди чечүүдө салым кошуу үчүн бириккенин айтты. Ал эми Сайитжан Эратов Кыргызстандын туруктуулугуна жана мындан ары өнүгүүсү үчүн бирге аракеттенүү керектигин белгилеген.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот.

 

Exit mobile version