Кыргызстандын Улуттук банкы 17-июнга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, рублдин сомго карата курсу бекемделип, евро жана теңге төмөндөдү.
Доллардын сомго карата расмий курсу сутка ичинде өзгөргөн жок жана 79,5010 сомду түздү.
Евро сомго карата 0,74%га арзандап, 82,7844 сомду түздү.
Рубль бир күндө 1,5%га кымбаттап, 1,3917 сомдон сатылууда.
Теңгенин сомго карата курсу 0,83% төмөндөп, 0,1798 сомду түздү.