Site icon Reporter.kg

Улуттук банк 2021-жылдагы эң ири интервенцияны өткөрдү

28-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Бул 2021-жылдын башынан бери онунчу валюталык интервенция. Бул жолу Улуттук банк 50 миллион доллар сатты.

Жалпысынан январь айынан бүгүнкү күнгө чейин улуттук валютаны колдоого регулятор 391 миллион 350 миң доллар сарптаган.

Exit mobile version