Site icon Reporter.kg

Улуттук банк 2023-жылы тапкан 9,9 млрд сом кирешесин бюджетке которот

Жогорку Кеңеш 8-майда «Улуттук банктын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Аталган мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген. Анда Улуттук банк 2023-жылы тапкан 100% пайдасын республикалык бюджетке которуп берери каралган. Ал бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатында жасалууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 2023-жылы 9,9 млрд сом пайда тапканы кабарланган.

Exit mobile version