Site icon Reporter.kg

Улуттук банк 280 адамдын насыясын кечти

Нацбанк

Улуттук банк Башкармасы Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуулардан жабыркаган комбанктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына, финансы-кредиттик уюмдарга колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында 280 насыяны кечти. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, финансы-кредиттик уюмдарга 443 карыз алуучу кайрылган.  Ал эми кечилген насыялардын жалпы суммасы 19 миллион 370 миң сомго жеткен.

Мындан тышкары, 28 млн 836 миң сомго 138 насыя реструктуризацияланган.

“Учурда финансы-кредиттик уюмдар жабыр тарткан бардык карыз алуучулардын арыздарын кароодо”, — деп белгилейт Улуттук банк.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version