Улуттук банк: Айэркен Саймаитинин акча которууларына шек жаралып, 14 кат текшерүүгө жиберилген

Улуттук банк: Айэркен Саймаитинин акча которууларына шек жаралып, 14 кат текшерүүгө жиберилген

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңеште кытай ишкери Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Анда Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев комиссия мүчөлөрүнө маалымат беришти.

Финансылык чалгындоо кызматынын билдиришинче, алар акча которуулар боюнча өз базаларына таянып, чалгындоонун негизинде 2014-жылы ИИМге жана 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына Аэркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасы которгон 700млн доллар боюнча материалдарды жиберишкен. Бирок ИИМден жооп келген эмес, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ошол кезде кылмыш ишин козгоодон баш тартканы белгилүү болду.

“2019-жылы “Азаттыктын”  изилдөөсүнөн кийин премьер министр жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан маселени иликтөө боюнча кат келип, кайра изилденди. Учурда Айэркен Саймаитиге 2 млрд 602 млн сом, “Абдыразга” 3 млрд 810 млн сом мамлекетке кошумча салык төлөсүн деп коюлуп жатат”, — деп билдирди Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев.

Эл өкүлү Абтандил Кулбараковдун суроосуна жооп берип жатып, финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси сыртка чыгарылып кетти делген 700 млн доллар товардын акчасы болгонун ырастады.

“Ал мамлекеттин акчасы эмес, ишкерлердин акчасы болгон. Которуулар жүргүзүлгөндө акчанын дайыны жазылат да. Ошондо курулуш материалдары, тигүүчүлүк буюмдары, жана башкалар үчүн деп көрсөтүлгөн”, — деди Гуламжан Анарбаев.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Айэркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасынын акча которууларына шек жаралып, ага байланыштуу 2012-жылдан 2018-жылга чейин текшерүүгө 14 кат жибергенин ачыктады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>