Site icon Reporter.kg

Улуттук банк доллардын курсун кармап туруу үчүн 13-интервенциясын жасады

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн кезектеги интервенцияны жасады. Бул тууралуу аталган банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк валюта рыногунда 29-сентябрда 27 миллион 950 миң доллар сатты.

Ошентип, соңку бир апта ичинде үчүнчү жолу интервенция жүргүзүлдү – 25-сентябрда 19,6 миллион, 23-сентябрда 11,2 миллион доллар сатыкка чыгарылган болчу.

Жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 13-жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 286 миллиондон ашуун доллар сатты. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат.

Exit mobile version