Улуттук банк доллардын курсун кармап туруу үчүн 11-интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк доллардын курсун кармап туруу үчүн 11-интервенциясын өткөрдү

23-сентябрда Улуттук банк 2020-жылдын 11-интервенциясын өткөрдү. Бул жолкусунда регулятор 11.2 млн доллар сатты. Маалыматты Улуттук банк жарыялады.

Белгилей кетүүчү нерсе, коммерциялык банктарда доллар 79.5 сомдон сатылып жаткан.

Бүгүнкү күндө америка валютасын 79.6 сомдон сатып алса болот. Доллардын официалдуу курсу 79.3486 сомду түзөт.

Эске сала кетсек, Улуттук банк акыркы интервенцияны 6.6 млн доллар сатып, 9-сентябрда өткөзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>