Site icon Reporter.kg

Улуттук банк: Доллардын курсунун көтөрүлүшүнө кызыл кулактык болушу мүмкүн

Доллардын кунунун өсүп кайра ылдый түшүшүнөн 20 сомго айырмачылык  чыкты. Ортодон акчалуулар аябай байыды. Ортодо айырмачылык 20 сом чоң акча. Бизнеске 50 тыйын көтөрүлсө чоң акча. Ортодон бирөөлөр колдонуп кеткен жокпу? Ундун баасы көтөрүлгөндөй кызыл кулактык жокпу бул жерде? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев берди.

Ал эми Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш депутаттын суроосун жооп берип жатып доллардын өйдө-ылдый болушуна кызыл кулактык болушу ыктымалдыгын айтты.

Кызыл кулактык учурлар болушу мүмкүн, аны биз четке кага албайбыз. Негизинен буга сырткы факторлор таасирин тийгизди. Биздин жакын өнөктөшүбүз Орусияда кыйынчылыктар болду”— деди Нурбек Жеңиш.

Ал ортодо депутат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып Улуттук банктын “болушу мүмкүн”- деген сөзүн иликтеп, кызыл кулактык кылгандарды таап жазага тартууну талап кылды.

Мына азыр эле Улуттук банк доллардын курсунуну жогорулашына кызыл кулактык болушу мүмкүн деди. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сизге кайрылам, доллардын өйдө-ылдый болушунан 20 сомго айырмачылыкта кызыл кулактык болгонун УКМК текшериши керек. Болгон болсо ким экенин таап, жазасын бериши керек. Ортодогу 20 сом өтө чоң акча, милиарддаган. Мындан бирөөлөр пайда көрдү, тактап айтып коёюн, Улуттук банк кызыл кулактык болушу мүмкүн деп айтты, ошол “болушу мүмкүн”- деген сөздү текшерип бергиле”— деди эл өкүлү.

Exit mobile version