Site icon Reporter.kg

Улуттук банк долларга болгон чектөөлөр боюнча үн катты

Акыркы учурда Кыргызстанда ички валюта рыногунда да нак АКШ долларынын бир аз жетишсиздиги байкалууда. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, калктын валюталар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү жагында суроо-талабын толугу менен канааттандырууга мүмкүндүк бербей келет. Мындай жагдай, айрым жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан өлкө аймагында нак жана нак эмес орус рублин, нак эмес АКШ долларын алып кирүү/которуу боюнча алып сатарлык операцияларды жүргүзүп, алар Кыргызстан банктарында нак акчага айландырылып, өлкөнүн чегинен тышкары чыгарылып жаткандыгы менен шартталган. Мындай операцияларды жүргүзүүнүн негизги максаты – орус рубли/АКШ доллары ортосунда курстук айырмадан алып сатарлык киреше алуу. Бул, айрым Кыргызстан банктарын эл аралык акча которуу системалары боюнча түшкөн акча каражаттарын алуу жагында кардарларды тейлөөдөн убактылуу баш тартууга мажбур кылууда.

Улуттук банк валюталар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү боюнча кандайдыр бир чектөөлөрдү, анын ичинде акча которуу суммасы боюнча чектөөлөрдү киргизген эмес.
Алмашуу/которуу суммалары боюнча айрым коммерциялык банктардын белгилеген чектөөлөрү ошол белгилүү бир банкта нак АКШ долларынын кандайдыр бир деңгээлде жетишсиз болушуна байланыштуу болуп жатат.

Азыркы учурда коммерциялык банктар кардарлар алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн нак АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыздоо ишин жигердүү жүргүзүп жатышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, өз кезегинде, коммерциялык банктарга мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде көмөк көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда валюта рыногунда нак эмес АКШ долларынын көлөмү өсүүдө, бул Улуттук банкты алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында банктар аралык валюта рыногунда нак эмес АКШ долларын сатып алуу боюнча интервенцияларды жүргүзүүгө мажбурлайт (2022-жылдын башынан тартып жалпы суммасы 131,59 млн АКШ долларына сатып алуу боюнча алты интервенция жүргүзүлгөн).
Улуттук банк өлкөнүн финансы рыногундагы кырдаалга туруктуу негизде талдоо жүргүзүп турат жана зарыл болгон учурда мыйзамга ылайык чараларды көрөт.

Exit mobile version