Site icon Reporter.kg

Улуттук банк эмне себептен доллардын куну өсүп жатканын маалымдады

Эмне себептен доллардын куну өсүүдө? Бул тууралуу Улуттук банк доллардын рыноктогу курсу суроо-талапка жараша өзгөрүп турарын билдиргенин « Акчабар» финансылык порталы жазды.

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, доллардын курсу азыркы учурда 75.98 сомду түзүп жатат. Өз кезегинде евронуну баасы 0.32% төмөндөп, 85.3 сомду түзгөн. Муну менен катар коммерциялык банктарда доллар 78 сомдон 78.5 сомго чейин, евро — 88 сомдон 89 сомго чейин сатылууда.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, акча алмаштыруу сатуучу менен сатып алуучунуну ортосунда эркин жүргүзүлөт. 

«Валюта рыногундагы курстун баасы суроо-талаптын жана сунуштун негизинде белгиленет. Айырмачылык рыноктун ликвиддүүлүгүнүн деңгээлине, чет өлкө валютасынын сунуш жана сунуш балансына жараша болот. Ошондой эле белгилүү бир учурларда ал өйдө-төмөн өзгөрүп турат», — деп белгиледи аталган банк.

Белгилей кетсек, доллардын курсу өткөн эки сутка ичинде кескин жогорулап кетти. Мисалы, 29-июнда бир АКШ доллары коммерциялык банктарда 76.6 сомдон 76.8 сомго чейин сатылып жатат.

Exit mobile version