Улуттук банк коронавирустан улам насыя төлөөнү 3 айга чейин узартуу сунушун берди

Улуттук банк коронавирустан улам насыя төлөөнү 3 айга чейин узартуу сунушун берди

Улуттук банк коронавируска байланыштуу банктарга жана банк эмес финансы-кредиттик уюмдарга насыялардын төлөө мөөнөтүн 3 айга чейин узартууну сунуш кылды

Ишкерлерди колдоо максатында кабыл алынган токтомго ылайык, банктар сунушту колдосо анда насыя алгандарга 3 ай аралыгында туум жана айыптык төлөм өспөйт.

Учурдагы абалдан улам кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет. 

Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>