Site icon Reporter.kg

Улуттук банк криптовалюталар менен байланышкан тобокелдиктерди эскертти

Улуттук банк криптовалюталардын жана виртуалдык активдердин жайылышына байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эскертти.

Атап айтканда, жөнгө салуучу Кыргызстанда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү криптовалютада жүргүзүү мыйзам бузуу экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Улуттук банк криптовалюта жана башка виртуалдык активдер менен байланышкан тобокелдиктерди санады.

“Жогоруда айтылгандардын негизинде, Улуттук банк төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө криптовалюталарды колдонуудан этият болууну жана баш тартууну сунуштайт жана колдонуучулар криптовалюталар/виртуалдык активдер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана терс кесепеттерди өз мойнуна аларын белгилейт”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам кабыл алынган, анын баалуу кагаздар, валюталар, электрондук акчалар, депозиттер, резервдер жана кумар оюндарына тиешеси жок. Мыйзам 2022-жылдын 22-июлунан тартып күчүнө кирет.

Exit mobile version