Site icon Reporter.kg

Улуттук банк «Кыргызалтын» чыгарган бир да куйманы саткан жок

“Кыргызалтын” ишканасы чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын бүгүнкү күнгө чейин эч ким сатып ала элек. Бул тууралуу “Акчабарга” Улуттук банктан билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук банкы 1-февралдан тарта “Кыргызалтын” ААК чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын өлкөнүн ички рыногуна сатыкка чыгарган.

Маалыматка ылайык, сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймасы үчүн улуттук валютада жекече белгиленет жана расмий сайтка күн сайын жарыяланып турат.

Бүгүнкү күндө куймалардын баасы салмагына жараша 57,4 млн сомдон (12,03 кг) 62,4 млн сомго (13,07 кг) чейин өзгөрүп турат.

 

Exit mobile version