Site icon Reporter.kg

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салды

Кыргызстандын Улуттук банкы К.у.С.га карата айып пул салды. Ал тиешелүү лицензиясы жок чет өлкөлүк валюталарды алмаштыруу иштерин жүргүзүп жаткан. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.

Айып пулдун суммасы 17,5 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, бул акыркы айларда акча алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жеке адамга айып салынган экинчи учур.

Exit mobile version