Улуттук банк: Насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгү берилүүдө

Улуттук банк: Насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгү берилүүдө

Насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча, коммерциялык банктар карыз алуучулардын ар бир кайрылуусун индивидуалдык тартипте карайт жана төлөмдөрдү жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Улуттук банкттын расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйынында билдирди.

«Аманатчылар кабатыр болбой эле койсо болот, бүгүнкү күндө банк системасы туруктуу жана стабилдүү тартипте иштеп жатат. Ал эми бардык каражаттар, пайыздарды кошо аманат боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык толук көлөмдө төлөнөт» – деди Улуттук Банктын өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>