Site icon Reporter.kg

Улуттук банк сомду колдоо үчүн кайрадан интервенция жүргүздү

Улуттук банк кайрадан интервенция өткөрдү. Бул ирет регулятор 3.1 млн доллар сатты.

Бул америка валютасын сатуу боюнча ноябрь айындагы сегизинчи интервенция. Акыркы сатыктагы каражатты кошкондо бардыгы болуп бул айда 34 миллион 950 миң доллар рынокко чыкты.

Ал эми жыл башынан бери 20-жолу интервенция жүргүзүлдү. Жалпысынан Улуттук банк 407 миллион 450 миң долларды сатты. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.

Бүгүн, 26-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84, 8 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84, 9 сом болууда. Доллардын коммерциялык банктардагы курсу: Сатып алуу – 84, 7 сом Сатуу – 84, 9 сом.

Exit mobile version