Site icon Reporter.kg

Улуттук банк сомдун кунун кармап калуу үчүн 3,7 млн. доллар сатты

Улуттук банк  3,7 млн. доллар сатты. Борбордук банктын сайтындагы маалыматка караганда бул — 19-мартта валюта базарына чыгарылган акчанын суммасы.

Кечээ түштөн кийин улуттук валюта доллар менен еврого карата күчүн кескин жоготту. Өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар 1 АКШ долларын 85 сомдон, 1 еврону 95 сомдон сата башташты.

Бир нече жылдардан бери 69 сомдун айланасында туруктуу сакталып келген доллар 10-мартта кескин кымбаттаган. Улуттук банк ал күнү сомдун кунун кармоо үчүн акча базарына 53,7 млн. доллар саткан. Натыйжада 1 АКШ долларына карата 72,85 сомдук курс бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Долларды улай көтөрүлгөн евро 79 сомдун айланасында сатылып жаткан.

Exit mobile version