Улуттук банк сомдун кунун кармап калуу үчүн 53,7 млн доллар сатты

Улуттук банк сомдун кунун кармап калуу үчүн 53,7 млн доллар сатты

Улуттук банк 10-мартта доллардын баасын ооздуктоо максатында  53,7 миллион доллар сатты. Бул маалымат мекеменин расмий сайтына  жарыяланды.

Мекемеден билдиргендей, бул кадам өлкө экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы таасирлерди жеңилдетүүгө багытталган.

“Улуттук банктын эл аралык камдарынын көлөмү жогорку деңгээлде жетиштүү жана ал келечектеги товарлар импортунун 5,0 айынын ордун жабат, 2020-жылдын 9-мартына карата эл аралык камдар көлөмү 2 428,26 миллион долларды түзгөн. Учурда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу”, — деп жазылат маалыматта.

Улуттук банк жыл башынан бери төрт жолу интервенция жасап, 140,2 миллион доллар саткан.

Бүгүн, 10-мартта Кыргызстанда доллардын баасы кескин түрдө жогорулап, бир доллардын сатуудагы баасы 73 сомго чейин чыкты. 

Ошондой эле жакында эле рублдун курсу нефтиге болгон баанын түшүшүнөн улам арзандап кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>