Site icon Reporter.kg

Улуттук банк жаңы коллекциялык манеталарды жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк коллекциялык 1 сом жана 10 сом күмүш манеталарды жүгртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. 

«Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган. 

Бардык коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Exit mobile version