Site icon Reporter.kg

Улуттук банк жыл башынан бери сегизинчи интервенция жүргүздү

доллар, деньги

Кыргызстандын Улуттук банкы марттын аягынан бери биринчи жолу валюта рыногуна интервенция менен чыкты. Бул жыл башынан бери сегизинчи интервенция. Мындай маалымат Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.

Ошол эле учурда Улуттук банк үчүнчү жолу кайтарым интервенция менен чыгып жатат. Бул жолу жөнгө салуучу орган 6 миллион доллар сатып алды. Жалпысынан быйыл америкалык валютаны сатып алуу боюнча үч операция жүргүзүлдү, бардыгы болуп  Улуттук банк 25,9 миллион долларды сатып алды.

Exit mobile version