Site icon Reporter.kg

Улуттук банкта алтындын 44 тоннадан ашык запасы бар, — Бөкөнтаев

Кумтөрдөн чыккан алтынды сатып алуу улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.

Жыйында депутаттар Улуттук банктын 2022-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин отчетун укту.

Ал белгилегендей, өлкөдө инфиляциялык ченди кармап туруу максатында 2022-жылда эсептик ченди 14% чейин жогорулатылган. Бул багытта көрүлгөн чаралар валюта рыногунда туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн.

“Кумтөрдөн чыккан алтынды сатып алуу улантылып жатат, азыр улуттук банктын активдериндеги алтындын кору 44,4 тоннаны түзөт”, — деди ал.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version