Site icon Reporter.kg

Былтыр Улуттук банктагы 7 кызмат адамы 84,3 млн сом киреше тапкан

Былтыр Улуттук банктын башкармалыгынын курамына кирген жети киши 84,3 млн сом киреше тапкан. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы Улуттук банктын 2023-жылдагы отчетуна таянып жазды.

Маалым болгондой, 2023-жылы Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнө акчалай сый акы, анын ичинде маяна жана башка төлөмдөрдү берүүгө 84 млн 355 миң сом сарптаган. Башкармалыктын курамында Улуттук банктын төрагасы, анын үч орун басары жана башка мүчөлөрү болуп, баары жети адам бар. Эгер 84,3 млн сомду ар бирине бөлүштүргөндө, аталган 7 адамдын 2023-жылдагы жалпы кирешеси 12,05 млн сомду түзөт. Ал эми ай санын 1 млн 4,2 миң сомдон туура келет.

Ошол эле учурда 2022-жылы Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнө 31 млн 992 миң сый акы берилген (анын ичинде маяна жана башка төлөмдөр). Бул сумманы 7 адамга бөлгөндө, алар 2022-жыл ай сайын 380 миң 857 миң сомдон киреше тапкан .

Белгилей кетсек, 2023-жылы Улуттук банктын тапкан пайдасы 12 млрд 436 млн 56 миң сомду түзгөн.

Exit mobile version