Site icon Reporter.kg

Улуттук Банктын төрагалыгына жаңы талапкер каралып жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук Банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги каралып жатат.

Кубанычбек Бөкөнтаевди Президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Бул мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз арызы менен кеткен.

Кубанычбек Бөкөнтаев 1969-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунда туулган. Анын Улуттук банкка төрага болушу күтүлүүдө.

  • 1992 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
  • 1992 — Кыргызстандын коммерциялык банктарында экономисттен тарта директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучуга чейин жеткен;
  • 2003 — «Экономика. Банки. Бизнес» гезитинин башкы редактору, башкы директор;
  • 2006 — 2010 — президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган;
  • Мындан тышкары, ал Кыргызстандын депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон.

 

Exit mobile version