Site icon Reporter.kg

Улуттук банктын төрагасына сөгүш жарыяланып, эки орун басары иштен алынды

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты. Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты.

“Кырдаалды талдоонун жана анын кесепеттерине баа берүүнүн жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповду ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыяланды.

“Банк тутумунун жана улуттук экономиканын туруктуулугуна терс таасирин тийгизип, ишенип берилген аймакта көзөмөлдү жоготуу шартында бул чечимдер президент Садыр Жапаров тарабынан аргасыз чара катары кабыл алынды. Бул чара финансы рыногунун нормалдуу иштешин калыбына келтирүү жана натыйжалуу башкарууга кайтуу үчүн зарыл», — деп билдиришти президенттин маалымат кызматынан.

Ошондой эле Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version