Site icon Reporter.kg

Улуттук банктын жаңы башчысы ким болот? Жооп

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетке Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун өтүнүчү боюнча кызматынан бошотуу тууралуу документтер келип түшкөн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Telegram каналында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтуусунда, Кубанычбек Бөкөнтаевге Улуттук банктын төрагасы болууга сунуштар келип түшкөн. Бөкөнтаевди аталган банктын төрагасы кылууну каалашууда.

Буга чейин Кубанычбек Бөкөнтаев, Улуттук банктын төрагасынын орун басары, Депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Ал Улуттук банктын экс-башчысы Марат Алапаевдин иши боюнча күбө болгон. Жакында Кубанычбек Бөкөнтаев көрсөтмөсүн өзгөрткөнү белгилүү болду, бул Алапаевге өкүмдү жокко чыгарууга мүмкүндүк берди.

 

Exit mobile version