“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым аймактарындагы 18-19-июнь күндөрү электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу түшүндүрмө берди.
Ишкананын маалыматында, бул көрүнүш кышкы мезгилге даярдык катары жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болгон. Анда айрым электр линияларында жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда линиянын өткөрүү кубаттуулугу жетишсиз болуп, электр энергиясы убактылуу өчүп калган.
«Бирок, коопсуздук чаралары туура иштеп, жарылуу же өрттөнүү сыяктуу олуттуу зыян келтирген кырдаал катталган жок. Алдын ала маалыматтарга ылайык, штаттан тышкары учур ВЛ-220 кВ «Кара-Балта – Главная» линиясынын өчүп калышы себеп болгон»,- деп айтылат маалыматта.
Ишкана электр энергиясын калыбына келтирүү иштери дароо жүргүзүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле учурда өлкөнүн энергетикалык системасы штаттык режимде иштеп жатканын, күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.