Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери коронавирус илдети менен күрөшүүг үчүн ачылган эсепке 7 миллион 383 миң сом которушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, которулган акча Улуттук энергохолдингдин эмгек жамаатынын жана тогуз туунду коомдордун – өлкөнүн энергетикалык компанияларынын кызматкерлеринин бир күндүк маянасы.
Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 24-мартка карата 11 миллион 300 миң сом сом келип түшкөнүн республикалык штабдан кабарлашкан.