Site icon Reporter.kg

“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын алуу боюнча түшүндүрмө берди

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг»мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аймактын бул энергосистемасы ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн электр энергиясын ыкчам түрдө өз ара жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

«Буга байланыштуу октябрь айынын башынан бери Тажикстандын энергетикалык системасынан электр энергиясы алына баштаган. Импорттолгон электр энергиясы Баткен жана Ош облустарынын лимиттен ашкан бөлүгүн камсыз кылууну шарттайт.

Тажикстандан алынып жаткан электр энергиясы Борбор Азиянын Бириккен энергетикалык системасынын алкагындагы макулдашууларга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык, импорттук же пландан тышкаркы агым катары каралышы мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version