Улуттук энергохолдингдин төрагасы темир бетон буюмдарын жасоо цехинин иши менен таанышты

Улуттук энергохолдингдин төрагасы темир бетон буюмдарын жасоо цехинин иши менен таанышты

Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун базасында курулган темир бетон буюмдарын жасоо цехинин иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу ишкананы басма сөз кызматы билдирет.

Цехте орнотмонун өндүрүмдүүлүгү саатына 15-20 метр куб даяр бетон чыгарганга мүмкүнчүлүк берет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жылына 4 миңден ашык мамыча чыгарып же болбосо “Жалалабатэлектро” ишканасы быйылкы жылга алмаштырууга пландаштырган 3178 даана көлөмдөн 1000 даана ашыкча өндүрүүнү пландоодо.

Эми рентабелдүүлүгүнө токтолсок, бул кезге чейин компания бир даана электр мамычаны 6 500 сомдун тегерегинде сатып алып жаткан болсо, жаңы ачылган цехте 4754 сомдон чыгарылып, ар бир электр мамычадан 1745 сом үнөмдөлөт. Демек жылына 5,4 млн сом акча каражаты үнөмдөлүп, цех өзүн өзү 2,5 жылда актайт.

Жогоруда көрсөткөндөй, өзүбүз чыгарган мамычалардын наркы учурда сатып алып жаткан мамычалардан 25-30 % дын тегерегинде арзан болот. Эң башкысы, биз өндүрө турган мамычалар заводдордо жасалган жабдууларда бардык тиешелүү технологиялар менен жасалгандыгына байланыштуу сапаттуу болуп, стандарттардын бардык талаптарына жооп берет.

Учурда цехтеги 2 даана калыптын жардамы менен бир нөөмөттө күнүнө10-15 даана мамы куюуга болот.
[su_image_carousel source=»media: 28862,28863,28864,28865,28866,28867″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>