Site icon Reporter.kg

«Улуттук энергохолдингге» жаңы жетекчи дайындалды

Нурбек Козубеков “Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган ишкананы буга чейин жетектеп келген Айтмамат Назаров башка кызматка өтүп жаткандыктан бүгүн кызматтан кеткен.

Нурбек Козубеков 2015-2016-жылдары «Түндүк электр» ачык ационердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Айтмамат Назаров “Улуттук энергохолдингди» 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.

Exit mobile version