Site icon Reporter.kg

Улуттук госпиталда диагностикалык текшерүү кызматы ачылды

Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети, компьютердик томография кабинети жана ангиография кабинети иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ага бейтаптар дарыгердин жолдомосу менен кабыл алынат.

Баасы:

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын базасында бейтаптарды кайра жандандыруу унаасы менен республиканын бардык аймактарына жеткирүү кызматы көрсөтүлүп, жол кире баасы саатына 826 сом, чакыруунун минималдуу убактысы 2 саат, километрге жараша күйүүчү май буйрутма берген тараптын эсебинен.

Кененирээк маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн 1295 кыска номуруна же 0755600161 байланыш номуруна чалсаңыз болот.

Exit mobile version