Site icon Reporter.kg

Улуттук госпиталдын дарыгери Чынара Мырзабекова каза болду

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дермотолог дарыгери Чынара Мырзабекова 52 жашында каза болду.

Маалым болгондой, дарыгер узакка согулган оорудан улам көз жумган.

Чынара Мырзабекова көп жылдык өмүрүн саламаттыкты сактоо тармагында иштөөгө арнаган.

Улуттук госпиталдын жалпы жамааты дарыгердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Exit mobile version