Улуттук көчмөндөр оюндары: Көк-бөрү боюнча алгачкы беттештер жыйынтыкталды

Улуттук көчмөндөр оюндары: Көк-бөрү боюнча алгачкы беттештер жыйынтыкталды

Талас облусунда  Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан Көк бөрү оюнунун алгачкы беттештери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Репортер агенттигини кабарчысы жеринен кабарлады.

16-сентябрга белгиленген оюндарда Ош облусу менен Нарын облусу бет келип, Нарындын улакчылары Оштун улакчыларына 12:0 эсебинде жеңилип калышты.

Ал эми Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунун командаларынын ортосундагы беттеште  Бишкектин улакчылары 5:4 эсеби менен Ысык-Көлдүн улакчыларын жеңип алышты.

Бүгүнкү күнгө белгиленген Чүй облусу менен  Баткен облусунун беттеши караңгы киргендигине байланыштуу аягына чыккан жок.

Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>