Таласта өтүүчү көчмөндөр оюндары үчүн уюштуруу комитети түзүлдү

Таласта өтүүчү көчмөндөр оюндары үчүн уюштуруу комитети түзүлдү

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданийц иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.

Оюндардын маданий бөлүгү — этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү — Р.Алканов атындагы ипподромдо болот.

Учурда  Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>