Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө 14 адамдан коронавирус аныкталды

Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө 14 адамдан коронавирус аныкталды

Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө вирус киргендиги белгилүү. Жыйынтыгында, 120 адам текшерилип, алардын 14дө коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усөнбаев онлайн жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясын 1 дарыгер, 2 медайым менен борбордо дарыланып жаткан 3 эне жана 8 бала жуктуруп алышкан. Инфекциянын булагы алдын-ала аныкталып, эпидемияга каршы чаралар жүргүзүлдү. Вирус жуктургандар үчүн обсерватор жана балдарды дарылоо үчүн бөлүм ачылды. Балдар атайын дарылоо курсунан өтүшөт. Ал эми, COVID-19 тастыкталган медкызматкерлер дарылануу үчүн стационарга жайгаштырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>