Site icon Reporter.kg

Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборуна Нурбек Букуев директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаңы директорду эмгек жамаатына министр Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды. Бейшеналиев аталган борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары өнүктүрүү керектигин айткан.

Exit mobile version