УКМКнын маалыматы боюнча, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуу процессине катышпаган, бирок кагаз жүзүндө студент катары катталган 2710 студент аныкталды.
Аталган факт кызматтык жасалмачылыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси боюнча иликтенүүдө.
Учурда бул мыйзам бузууга катыштыгы бар окутуучулар жана администрация кызматкерлери такталууда.
“УКМК билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы системалуу күрөштү уланта турганын билдирет”,-деп айтылат маалыматта.